Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Орусияда жол кырсыгында жаракат алган кыргызстандык аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Саратов облусунун Дергач районундагы трассада жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандык жарандын бири, 57 жаштагы аял алган жаратынан улам көз жумду. Бул тууралуу аймактын саламаттык сактоо министри Олег Костин өзүнүн Телеграмм каналына жазды.

Маалыматка караганда, кырсыктан жабыркаган дагы эки кыргызстандык - 58 жаштагы аял жана 19 жаштагы жигит Дергач райондук ооруканасынан облустун борборундагы Энгельс шаардык ооруканасына которулду. Дагы бир 42 жаштагы жаран бейтапканага жатуудан баш тарткан.


29-апрелде Саратов облусундагы Дергач - Озинки жолунда кыргызстандык жарандар отурган Toyota Alphard үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылган. Автоунаанын айдоочусу жана үч жүргүнчү ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул жол кырсыгы тууралуу маалымат бере элек.

Былтыр 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, үчөө жараат алган. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG