Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Өзбекстанда Sof.uz сайты 326 миң доллар айып пулга жыгылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ташкенттин райондор аралык сотунун чечими менен Sof.uz интернет басылмасы 3,7 млрд. сум же 326 миң АКШ доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Соттун чечимине караганда, Sof.uz басылмасы өз баракчаларында "Анорбанкты" негизсиз сындап, беделин түшүргөн.

Бул Өзбекстанда интернет басылма каржы мекемесинин аброюна шек келтирүүгө айыпталып, ири суммадагы айыпка жыгылганы белгилүү болгон биринчи окуя.

Соттун чечиминде басылма жарыялаган сын чындыкка дал келбегени жана мындан банк кардарларын жоготкону айтылган.

2022-жылы күзүндө Sof.uz сайты "Анорбанктын" айла-амалдары кардарларды эмнеге кыжырдантты?" деп аталган видеоролик жарыялаган. Анда кардарлар банк акчаларын которбой, негизсиз кармап жатканын айтышкан.

Басылманын кызыкчылыгын коргогон юристтердин айтымында, соттун чечими басылманын ишин токтотууга багытталган.

XS
SM
MD
LG