Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Өзбекстан Чехиядан кайрадан трамвай сатып алууну көздөп жатат


Чехиянын борбору Прагадагы трамвайлар.
Чехиянын борбору Прагадагы трамвайлар.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала баштаган өкмөттүк делегация Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында Өзбекстанга барды.

Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, делегациянын курамында 30дан ашык чех ишкерлери бар.

Фиала 25-апрелде Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту.

Ал Өзбекстанга келген Чехиянын экинчи премьер-министри болуп калды. Буга чейин 1999-жылы Милош Земан Ташкентке келип кеткен.

Мурдараак чех басылмалары Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандын темир жол жана коомдук транспорту үчүн Чехиянын поезддери менен трамвайларын экспорттоо келишимине кол коюларын кабарлашкан.

2016-жылы Ташкентте трамвай линиялары жоюлгандан кийин шаардагы Vario LF үлгүсүндөгү заманбап чех трамвайлары Самаркандга жөнөтүлгөн.

Өзбекстан 2009-жылы Чехиядан ар бири 1 миллион долларга бааланган 20 трамвай сатып алган.

Маалыматтарга караганда, Ташкент жергиликтүү климатка кыйла туура келген жаңы чех трамвайларын сатып алууну пландап жатат. Мындан тышкары Чехиянын адистери Ташкентте жаңы трамвай линияларын төшөөгө катышары кабарланууда.

Чехия бийлиги 2001-жылы Прагада кармалган өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салихти Ташкенте экстрадициялоодон баш тарткандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бир аз солгундаган. Бул окуядан кийин Өзбекстан чех трамвайларын сатып алуу боюнча жалпы баасы 50 миллион долларды түзгөн келишимден баш тарткан.

Өзбекстанда чех премьер-министринин Филиппин, Индонезия, Сингапур, Вьетнам жана Казакстанды камтыган Азия турнеси аяктайт.

Мунун алдында Петр Фиала бул өлкөлөргө жасай турган сапарынын максаттарынын бири – соода базарларындагы Кытайдын үстөмдүгүнө каршы баланс түзүү экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG