Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев Түркияда камалды


Бобомурод Абдуллаев
Бобомурод Абдуллаев

Өзбекстандык белгилүү журналист Бобомурод Абдуллаев 24-апрелде Түркиянын Эскишехир калаасында камакка алынды. Аны түрк полициясы кармаганын журналисттин Түркияда окуган кызы Камола Кадыри “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди.

Эл аралык укук коргоо уюмдарына жардам сурап кайрылган Камола атасы өзбек бийлигинин өтүнүчү менен камакка алынып, Ташкентке өткөрүлүп берилсе, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин айтты.

50 жаштагы Бобомурод Абдуллаевдин кандай негизде кармалганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Ал акыркы кездери Журналисттерди коргоо эл аралык уюмунун программасынын алкагында Германияда тажрыйба алмашып жүргөн. Анын Түркияга качан жана кандай максатта барганы белгисиз. 2020-жылдын августунда Кыргызстанда кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланган, бирок анын чоо-жайы расмий айтылган эмес. Ошол эле жылдын октябрында ага козголгон кылмыш иши жабылып, эркиндикке чыккан.

Бобомурод Абдуллаев "Усман Хакназаров" деген каймана ат менен мурдагы президент Ислам Каримовдун бийлигин сындаган макалаларды жазып жүргөн. 2017-жылы "конституциялык түзүлүшкө шек келтирген" деп камалып, админстративдик жазага тартылган. Ал тергөө маалында аёосуз кыйноого кабылганын айткан.

XS
SM
MD
LG