Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Киев: Орусия чыгыштагы шаарларга сокку уруу үчүн күч топтоп жатат


Украиналык жоокерлер.
Украиналык жоокерлер.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия негизги күч-аракетин Бахмут, Марьинка жана Авдеевкада чабуулдарын күчөтүү үчүн топтоп жатканын билдирди.

26-апрелде эртең менен таратылган расмий кабарга ылайык, акыркы бир суткада Украинанын аймагына орус күчтөрү 49 жолу ракеталык, 13 аба соккусун урду. 39 чабуулдун мизи кайтарылды.

Украина орус аскерлеринин Богдановка, Хромово, Клещиевка, Марьинка жана Авдеевка багытындагы чабуулдары ийгиликсиз болгонун маалымдады.

Башкы штаб акыркы бир суткада Запорожье жана Херсон облустарындагы 40тан ашуун конуш аткыланганын билдирди. Кизомыс кыштагында эки үй, чиркөө талкаланды. Ондон ашуун турак жай зыян тартты.

Украин авиациясы орус аскерлери топтолгон жерлерге алты сокку урганы, Орусиянын Zala жана "Орлан-10" чалгындоочу учкучсуз учактары атып түшүрүлгөнү айтылат расмий маалыматта.

Орусия буга комментарий бере элек.

Согуштун шартында "Азаттык" радиосу салгылаш жүрүп жаткан аймактардагы маалыматтарды өз алдынча текшере албайт.

XS
SM
MD
LG