Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Акимдин мурдагы орун басары Руслан Бекназаровго өкүм чыкты


Руслан Бекназаров сот залында. 2023-жылдын 25-апрели.
Руслан Бекназаров сот залында. 2023-жылдын 25-апрели.

25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Свердлов районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Руслан Бекназаровго өкүм чыкты. Судья Чыңгызбек Бердимуратов Бекназаров бир берене боюнча акталып, экинчи берененин негизинде айыптуу деп табылганын жарыялады:

"Анын жосундарында Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин (“Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар”) биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу акталсын. 332-берененин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) биринчи бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркиндигинен ажыратылсын. Кодекстин 83-беренесинин негизинде ага бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу ал белгиленген жазаны өтөөдөн бошотулсун”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2022-жылдын 14-сентябрында Бишкектин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Руслан Бекназаров кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Аны Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде социалдык түйүндөрдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясына үгүттөгөн материалдарды жайылтып жүргөн аккаунт менен байланыштырган.

Бекназаров дээрлик эки ай тергөө абагында камалып отургандан кийин үй камагына чыккан. Ноябрда акимдин биринчи орун басары кызматынан өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген.

Руслан Бекназаров саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу.

Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычынын жери боюнча маселеге байланыштуу “жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен жарым жылдан бери камакта отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG