Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Купянск: музейдеги соккуда жараат алган дагы бир киши каза болду


25-апрелде эртең менен С-300 үлгүсүндөгү эки ракета Купянск шаарынын борборуна атылган. Анын бири аймак таануу музейинин имаратына тийген.
25-апрелде эртең менен С-300 үлгүсүндөгү эки ракета Купянск шаарынын борборуна атылган. Анын бири аймак таануу музейинин имаратына тийген.

Украинанын Купянск шаарында аймак таануу музейине урулган соккуда жабыркаган дагы бир киши көз жумду.

Харьков облусунун Купянск шаарындагы музейди Орусия 25-апрелде бутага алганда ошол жерде иштеген бир кызматкердин өмүрү кыйылган. Урандылардын астында дагы бир аял калганы кабарланган.

Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирип, сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.

Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Бир күн мурун Харьков облусундагы Дворичная кыштагы аткыланганда бир аял каза болгон.

Харьков облусу орус аскерлеринин соккусуна күн сайын кабылууда. Былтыр украин аскерлери Харьков облусунун көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде Вовчанск жана Купянск шаарларын орус күчтөрүнөн бошоткон.

Өлкө чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка калааларда салгылашуу уланууда.

XS
SM
MD
LG