Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Пакистан: Кабалдагы жардыруунун курмандыктары 17 кишиге жетти


Кабалдагы жарылуудан кийин нааразылыкка чыккандар.
Кабалдагы жарылуудан кийин нааразылыкка чыккандар.

Пакистандын Сват аймагындагы Кабал шаарында 24-апрелдеги жарылууда курман болгондор 17 кишиге жетти. Алардын 13ү полиция кызматкери, калганы жайкын тургундар.

Полиция башчысы Шафиулла Гандапурдун айтымында, дүйшөмбүнүн кечинде Антитеррордук борбордун имаратынын чок ортосунда жайгашкан жардыргыч заттар сакталган кампада бир канча жарылуу болгон. Күч органдары окуяны теракт деп атоодон карманууда.

Саламаттыкты сактоо департаменти 60тай адам жаракат алганын билдирген. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жергиликтүүлөр шейшемби күнү терроризмге каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп демонстрацияга чыгышты.

"Техрик-и-Инсаф" партиясынын Сваттагы өкүлү, мурдагы министр Мурад Саид өкмөттүн антитеррордук саясатын сындады. Ал Кабалдагы жарылуулардан көп өтпөй маалымат каражаттарына жарыялаган видеокайрылууда нааразылык акциялары 26-апрелде башталарын айтты.

XS
SM
MD
LG