Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Парламент спикери баштаган депутаттар тобу расмий иш сапар менен Орусияга барды


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-апрелде расмий иш сапары менен Орусияга барганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал сапардын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

“Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын парламентинин делегациясында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Жусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин былтыр 25-ноябрда Элдик курултайда Бишкектин төрт районунун аталышын өзгөртүү боюнча берген сунуш берген. Мындан кийин Мамдуманын Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Светлана Журова "Говорит Москва" радиосуна маек куруп, Шакиевдин демилгеси "Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө" жатарын айткан. Журованын бул билдирүүсү кыргыз коомчулугунда сынга кабылып, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү катары баалагандар да болгон.

Шакиев былтыр Орусиянын "Биринчи канал" жана РТР телеканалдарына Кыргызстандын бюджетинен акча төлөөнү токтотууга чакырган. (TAb)

XS
SM
MD
LG