Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргыз өкмөтү "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ишканасын түздү


Министрлер кабинети Бириккен Араб Эмираттарынан түз инвестицияларды тартуу үчүн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомун түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 20-апрелде билдиргендей, анын уставдык капиталы 100 млн. АКШ долларын түзөт.

Маалыматта жаңы ишкана инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасай турганы айтылат.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги “Абу-Даби Кыргыз Инвестменттин" тең негиздөөчүсү болуп саналат.

Өкмөт инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд. АКШ долларына чейин болот деп баалап жатат.

“Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5% түзөт. Башкача айтканда, кыргыз тараптан 2,5 млн. АКШ доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт”, - деп айтылат маалыматта.

2022-жылга карата Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы товар жүгүртүү 125 миллион АКШ долларын түздү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80% көп. 2022-жылга карата БАЭге экспорт 101 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 84% көбөйгөн. Былтыр импорт 25 миллион долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66% жогорулаган.

2022-жылы 30-октябрда Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барган. Анда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөттөрү уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг компаниясын түзүүнү макулдашканы кабарланган. (TAb)

XS
SM
MD
LG