Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Михаил Ежов: Орусиялык айдыңдар Путиндин баскынчыл согушуна каршы


Михаил Ежов. 14.4.2018.
Михаил Ежов. 14.4.2018.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинага каршы баскынчыл саясатын 2014-жылдан бери терең айыптап келе жаткан орусиялыктар да бар. Алардын бири – санкт-петербургдук акын жана дизайнер Михаил Ежов. Бул блог анын көз карашын учкай талдоого арналат.

2022-жылдын 24-февралынан кийин эгемен Украинаны “3–5 күндө” эле тизелеткиси келгендердин шаабайы эми кыйла сууй баштады. Айрым орусиялыктар өз уулдары же жакындары аскерге кошумча чакырылганда жана четинен “№200 жүктү” ала башташканда гана Кремлдин Украинага каршы согушун айыптап киришти.

Ошол эле учурда бул адилетсиз согушка башынан тартып эле каршы чыгып келе жаткан орусиялыктар да арбын. Алардын бири – маркум Борис Немцов болчу. Ал 2014-жылы эле эми бир тууган өлкөдөн эми өзүңөргө бөөдө жерден өлгөндөрдүн сөөгү (“№200 жүк”) келе баштайт, деп мекендештерин эскерткен.

Баскынчыл согушка каршы чыккандардын жаңы толкуну 2022-жылдын 24-февралынан (2014-жылы мартта башталган согуш кеңири өлчөмдө улантыла баштагандан) кийин байкалды.

Ал эми бул күнгө чейин эле Орусиянын президенти В.Путиндин жемкор жана баскынчыл саясатын аёосуз сынга алып жүргөн орусиялыктардын бири – Михаил Ежов мырза.

Өз көз карашы үчүн аны бир катар жакын туугандары да “ак каргадай” жат көрүшкөнүн ал интернетте ачык эле жазды, бирок ал баскынчыл согушту айыптаган пикирин ар кыл платформаларда (публицисттик макала, ыр, карикатура, видео тасма, ж.б. аркылуу) чагылдыруусун ырааттуу улантып келет. Анын Ютюб’да да жеке барагы бар.

Ал жубайы жана кызы менен бирге Орусиядан 2015-жылы эле бозгунга кетүүгө аргасыз болгон. Ал Чехия, Германия, Болгария, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө байырлоого аргасыз болгонун айта кетели.

Блогер М.Ежов Украинадагы Днепр шаарынын тургундарынын турак жайына орусиялык аскерлердин ракеталык соккусун терең айыптап, 2023-жылы 14-январда "Фесйсбуктагы" баракчасына мындайча маалымат жарыялаган:

“Терең урматсыz оруzиялыктар. Бул дагы эле денацификация дегениңерби же жөн гана украиндерди кырып жок кылуубу?” – деп Ежов мырза "Фейсбукта" ачуулана жазган.

Мен деле орусмун

Михаил Ежов 2022-жылы 4-майда даңазалуу “Мен – орусмун” деген чакан эссесин интернетте жарыялады.

Анын бул эсседеги айрым ойлорун тепчий кетели.

“Бардыгыңыздарга салам жолдойм. Мен – Орусиядан болом. Мени көздөй дароо акыр-чикир ыргытып, сөгүнүп-сагына көрбөңүздөр. “Ата-энеңди тандабайсың” деген сөз бар эмеспи. Туулуп-өскөн жериңди да төрөлө элек жатып тандабайсың. Менде деле тандоо мүмкүнчүлүгү болгон жок. Мен кайсы жерде жарык дүйнөгө келсем, ошол жерде төрөлгөм да. Орусия – менин мекеним. Кечирип гана коюңуздар.

Эми Украинада эмнелер болуп жатканына, бул өлкөдө азыр орун алып жаткан окуяларга келсек. Тим эле жүрөк оорутат. Менин баамымда, орусиялык баскынчылык – бул жамандык менен жакшылыктын ортосундагы күрөш экендигин азыр ар бир акыл-эси соо киши түшүнүп турат. Бул – жамандыктын жакшылыкка каршы чабуулу. Бул – бүтүндөй бир өлкөнүн жана улуттун ойрон кылынышы. Бул – геноцид!”

Михаил Ежов, албетте, айрым талаш-тартыштуу ойлорду да айтып келет. Мисалы, орусиялык маданият, дагы тагыраак айтканда, орус маданияты “киши тарбиялоодо толугу менен жароамсыздыгын көрсөттү” деп айткан сөзүнө жүз пайыз кошулууга болбойт ко дейм:

“Орус маданиятынан азыркы тарта орусофобия же башка нерсенин айынан баш тартып жатышкан жок. Алар (б.а. дүйнө коомчулугу) Путиндин кыжырын келтиргиси келгени үчүн эле бул кадамга барып жатышкан да жок. Мунун себеби – орус маданиятынын кишини тарбиялоо жагынан толук нөл болгондугунда. Азыркы тапта дүйнө жүзүндөгү бардык кишилер орустардын өз өлкөсүндө ашынган фашизмди бөпөлөп өстүргөн (жагдай) – бул орус маданияты экенин түшүнүштү. Ал эми орус маданияты мындайды болтурбай коюу үчүн эч нерсе жасай алган жок.

Мен мындан дагы көбүрөөк баса айтам. Буга орус маданияты өзү огожо болуп берди. Өзүнүн бардык аңгемелеринде, поэмаларында, романдарында, тасмаларында орус маданияты (орустарды) башкалардан артыкчылыкка ээсиң деген сезимге тарбиялап жатты. Ал “орустар” деп аталган кайсы бир расанын башкалардан артык экенине тарбиялады. Анан калса...

Биз – орус цивилизациясыбыз, өзүбүзгө таандык гана жолубуз бар, өзүбүздүн сырдуу рухубуз бар, жана башка балан-байдыбандарды” сунуштады".

Акыйкатчыл орусиялыктар да бар

Эмне үчүн Ежов мырзанын соңку сөзүнө толугу менен да кошулууга болбойт?

Анткени Михаил Ежовдун өзүнүн, андан башка Борис Немцовдун, Аркадий Бабченконун, Максим Галкиндин, Алла Пугачеванын, Лия Ахеджакованын ж.б. замандаштарыбыздын Путиндин режими жүргүзүп жаткан эгемен Украинага каршы баскынчыл согушка каршы айбаттуу үндөөлөрү да орус маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

Зулумдукка каршы күрөш рухуна үндөөлөр, элдик кыймылдын бороону келе жатат деген тарыхтагы жана жаңы чакырыктар ар дайым орусиялык чыгаан айдыңдар тарабынан жар салынып келген.

Лев Толстой, Андрей Сахаров, Лев Гумилёв, укук коргоочу Людмила Алексеева (никеге чейинки тегаты Славинская), археолог Юлий Худяков – булардын бардыгы орус маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Бирок Михаил Ежов эмне үчүн жогорудагы бир беткей сөздөрдү айтууга барды?

Албетте, бул сөз – жаны ачыгандыктан айтылган кеп экендигин аңдоо кыйынга турбайт.

Кайдыгерликти жана чалагайым күнкордукту сындоо

Орусиялык бир катар жарандар өз өлкөсүнүн баскынчы жоокерлеринин Украинадагы зулумдугун жана бул өлкөдөгү гүлдөгөн шаар-кыштактардын күлүн асманга сапырган кылмыштарын терең айыпташат.

Алардын бири катары Михаил Ежов орусиялык баскынчы жоокерлердин бул жосунсуз жоруктарын төмөнкү сөздөрү менен баалайт:

“Орус жоокери оркко (б.а. кылмышкерге) айланды...”

(Бул “орк” сөзү жазуучу Жон Роналд Руэл Толкиндин "Шакектердин Эгеси" аттуу илимий-фантастикалык романындагы ушундай эле аталыштагы ойдон чыгарылган киши сымал желмогуздардын “орк” деген жомоктук аталышынан алынган. Бул сөз азыркы тапта украин боштондук күрөшүнүн катышуучулары тарабынан орусиялык баскынчы жоокерлерге карата колдонулуп келет).

Публицист жана өз демилгелүү агартуучу Михаил Ежов баскынчылардан 2022-жылы азап-тозок көргөн украиндик Буча шаарындагы орусиялык жоокерлер жүзөгө ашырган кыргындын издери чагылдырылган даректүү тасманы орусча котормосунун тексти менен кошо өзүнүн Ютюб’дагы барагында жайгаштырган:

Тасма. Михаил Ежов орусиялык баскынчы жоокерлердин Буча шаарындагы согуштук кылмыштары тууралуу даректүү тасманы өз ЮТюб барагында жарыялаган. 23.12.2022.

Ежов мырза жогорудагы макаласында президент В.Путин 22 жылдан ашуун убакыттан бери Орусияны башкарып келе жаткан учурлардагы тарбиялык ж.б. өксүктөрдү санап берет. Анан калса, публицист Михаил Ежов Орусиянын православ диниятчыларын, аскер кызматкерлерин (“офицерлерди”) жана агартуу тармагынын өкүлдөрүн согушчан жана зөөкүрлөрдү тарбиялоого шыкакчы болушту деп сынга да алат.

Мисалы, орусиялык мугалимдерге карата ал мындайча өкүтүн жана сынын айтат:

“Путиндин режимине 22 жыл толду. Бул мөөнөт – учурда Украинада уурулук кылган, зордуктаган жана киши өлтүрүп жаткан уландар канча жашка чыкса, дал ошончо жылга тете...

Бул мурунку балдарды – азыркы ууруларды, зордукчуларды жана канкорлорду деги ким тарбиялады?

Орус мугалимдери, сиздер 22 жылдан бери өз тарабыңыздардан эмне менен алектендиңиздер?...

Мен түшүнүп турам, сиздердин колуңуздар бул үчүн бошогон деле жок. Сиздерге бирдиктүү (өкмөттүк) партия үчүн шайлоочулардын келишин жана добуш беришин камсыз кылуу керек болчу да. Бирок бул окуя 4–6 жылда бир жолу болот эмеспи. Калган убакта эмне менен алек болдуңуздар? Бул балдарды кантип тарбиялап жаттыңыздар?”

Ежов мырзанын оюнча, орусиялык педагогдор болочокку жоокерлерди кайрымдуулук, айкөлдүк, боорукерлик сапаттарына тарбиялоодо, кишинин эң баалуу байлыгы – өмүр экендигин аңдатууда олуттуу өксүктөргө жол коюшкан. Мындай чекеге чыккан чыйкан башка да тармактарга жайылып кеткен, дейт Ежов мырза.

Анын жубайы бала чагын украиналык Николаев (Микола́їв) шаарында өткөргөн экен. “Эми жубайым Николаев шаары аткыланган сайын анын картасын тирмийип карайт, ошол кандуу окуялардын кабарларынын ичинде жашап калды”, – дейт Ежов мырза.

Ал баскынчыл согушка жол койгон мекендештерии, анын ичинде бир кезде кадырман катары саналган, эми болсо кремлчил сыналгы каналдар аркылуу өзөктүк ракеталар менен башка өлкөлөрдү аткылоого чакырып, “Варшава, Лондон же Нью-Йоркту ойрон кылып салбайлыбы” деп ээн ооздонуп сүйлөп жаткан жана андай чакырыкка ыракаттана каткырып колдоо кылып турган пенделерди көрүүнүн өзү азап болуп жатканын да жазат.

Кайсы шаарда фашизмге каршы сөз үчүн камалбайсыз?

Михаил Ежов: “Мен өзүм деле орусмун. Бирок мен мындан чарчадым... Өз өлкөмдүн үстөмдүк кылуу үчүн чексиз умтулуусунан чарчадым” деп келет да, көптөгөн карапайым орусиялыктардын: “Украинада жана Батышта фашисттер жайнап кетишкен турбайбы!” деген актануу сөздөрүнө карата атайын сынак жүргүзүп көрүүнү өзүнүн кайчы пикирдештерине сунуштайт:

“Алар айтышат: Украинада нацизм, фашизм жана башка (балээлер) бар...

Мен айтам: фашизм – Орусиянын өзүндө.

Анан алар мага айтышат: Тиги Европада да фашизм бар!

Мен болсом аларга: Жок, фашизм деген – Орусияда.

...Ошентип, биз талашып-тартыша бердик...

Фашизм кайда экени тууралуу...

Мага бир жөнөкөй ой кылт эткенче тартыштык. Абдан жөнөкөй ой келди...

Мындан да жөнөкөй ойду эч жактан учурата албайсыз.

Мен минтип айттым:

“Келгиле, фашизм кайда экенин чогуу текшерип көрөлү?

Мен (өзүм бозгунда байырлаган) шаарымдын борборуна, мэриянын маңдайына: “ФАШИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК!” деген плакат менен барайын.

Ошол эле сөзү бар плакат менен сиздер шаарларыңыздардын акимияттарынын маңдайына чыгасыздар.

Анан ошол жерлерибизде жок дегенде 10 мүнөттөй турганга аракет кылалычы.

Видео тасмага да тарталык. Анан фашизм кайда экенин тактап чечели..."

Бул сөзүмдөн соң (интернеттин талкуу бөлүгүндө) ушунчалык чуу башталды десеңиз!

“(Муну карасаң!) Сен деги эмне деп жатасың? Бизди кылмыш беренесине такап салууларын көксөп турасыңбы?

Каяктагы плакат менен?.. Бизди ар кандай плакат үчүн эле колубузду бурап, абакка алып жөнөшөт. Плакатка эмне сөз жазсаң да...

Баарыбыздын колдорубузду кайырышат, Миша, анан абакка салып коюшат.

Деги сен бизге эмнени сунуштап жатасың???”

Мына-а-аа, эми токтоп тургула-а!...

Мен азыр Орусияда жашабайм.

“ФАШИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК!” деген сөзү бар плакат менен мен Европанын кайсы бир мамлекетинин ар кандай шаарынын аянтына чыга алам.

Бул ураанды каалаган тилде жазып ала алам. Анан мага эч ким тийишпейт.

Орусияда каалаган тилде жазылган плакат менен “ФАШИЗМГЕ ЖОЛ ЖОК!” деп жазып алып, аянтк чыксам, мен дароо полиция бөлүмүнө кабылам.

ДЕМЕК?

Деги фашизм деген неме ошондо каякта болуп жатат???” – дейт Ежов мырза.

Публицист Михаил Ежов жеке өзүнүн гана пикирин билдирип чектелбестен, орусиялыктардын чет мамлекеттерде жашаган диаспорасынын ар кыл өкүлдөрүнүн президент В.Путиндин эгемен Украинага каршы согушун айыптаган иш-чараларын да чагылдырып келет.

Бул даректүү тасмада Орусиянын Болгариядагы ардактуу консулунун кеңсесинин жанында орусиялык ашынган согушчандардын (“рашисттердин”) символу да желекке тагылып кошо көтөрүлгөнү чагылдырылган. 09.4.2022.

Жеңиш кайсы тарапта болууга тийиш?

Эгемен Украина менен анын бир катар аймактарына басып кирген Орусиянын ушул согушунда Путиндин режими жеңилүүгө учурашы зарыл, деп Михаил Ежов башка бир макаласында баса белгилейт:

“Эгерде азыр бул согушта Орусия жеңчү болсо, – мен сиздерге минтип айтайын, – анда кийинки (согуш бутасы), балким, Казакстан болмок болчу. Алар муну менен эч токтоп калышмак эмес, анткени империяны калыбына келтирүү зарыл болгондон кийин, демек, (анын чектерин) бүт бойдон калыбына келтирүү керек эмеспи. Бул согуштун башталышында эле мага Орусиядагылар: “Азыр Киевди алабыз, андан кийин Польшага жортуулдайбыз, анан танктар менен сен тарапка – Болгарияга да кирип барабыз”, – деп жазышкан болчу”, – дейт Ежов мырза.

Биз орусиялык алдыңкы айдыңдар Путиндин баскынчыл саясатын жектеп жатышкандыгынан дурус эле кабардарбыз.

Ал эми Михаил Ежовдун ой чабытынын мисалында мындай айдыңдар жалаң гана баскынчыл согушка каршы чыгып тим болбостон, Орусиядагы авторитардык режим ого бетер Сталиндин доорундагы сыяктуу же андан да коркунучтуу тоталитардык түзүлүштүн түпкүрүнө кулап түшпөсө экен, деп убайым чегип жатышкандыктарын да аңдай алабыз.

Редакциядан.

Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG