Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Бишкек мэриясы №1 гимназиядагы митинг тууралуу билдирүү таратты


Митиндин видеосунан алынган скрин.
Митиндин видеосунан алынган скрин.

Бишкек шаардык мэриясы 17-апрелде борбор калаадагы №1 гимназия-интернатынын мурдагы директорун кызматта калтырууну талап кылган мугалимдер менен окуучулардын митинги тууралуу билдирүү таратты.

Анда буга чейин мектептин эмгек жамаатынан, Бишкек шаардык прокуратурасынан жана шаардык кеңештин депутаттарынан кайрылуу түшүп, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнү айтылат. Комиссия мектептин ишин текшерген учурда одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

“Шаардык интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуп, "Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси" аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынган”, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Учурда гимназия-интернаттын мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга Бишкектеги башка мектептерден жумуш сунушталып жатат.

Мэрия аталган мектептин мурдагы директору Нургүл Матканова Эмгек кодексинин 83-беренеси боюнча бир нече жолу одоно тартип бузганы үчүн кызматтан алынганын, ал документтерди өткөрүп бербей, жаңы дайындалган жетекчинин ишине тоскоол болгонун да кошумчалаган.

17-апрелде социалдык тармактарга Бишкектеги №1 мектеп-интернаттын имаратынын алдында мугалимдер менен окуучулардын митингге чыкканы тартылган видео тарады. Анда митингге чыккандар мектептин мурдагы жетекчисин кызматта калтырууну талап кылып, “Кетпесин!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. (TAb)

XS
SM
MD
LG