Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Улуттук банк Баткендин тургундарына жеңилдетилген насыя берүүнүн мөөнөтүн узартууну сунуштады


Баткенде чек ара чырында талкаланган мүлк.
Баткенде чек ара чырында талкаланган мүлк.

Улуттук банк Баткен облусунун тургундарына насыя берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү мөөнөтүн узартууну сунуштады. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлганы 14-апрелде белгилүү болду.

Маалыматта долбоор былтыр 18-ноябрда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу” токтомдун мөөнөтүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкканы айтылат.

Токтом долбоору коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан Баткен облусундагы ишкерлерге насыя берүүнүн жол-жоболорун жеңилдетүүгө багытталган.

“Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске алуу менен, Баткен облусунда катталган жана чарбалык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин колдоо максатында токтом долбоору менен токтомдун иштөө мөөнөтүн 2023-жылдын ноябрына чейин, башкача айтканда, алты айга узартуу сунушталууда”, - деп айтылат долбоордо.

Улуттук банк былтыр 18-ноябрдан тарта 2023-жылдын 31-мартына чейин каржы-кредиттик уюмдар тарабынан Баткен облусунун тургундарына 3 млрд. 884 млн. 400 миң сомдук кредит каралганын жана берилгенин билдирди.

“Кепилдик фонду” Баткен облусунун тургундарына 129,4 млн. сомдук 255 насыя боюнча кепилдик берген.

Былтыр 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Кандуу окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо объектиси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричиликти камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. (TAb)

XS
SM
MD
LG