Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Бишкектеги №1 мектеп-интернаттын мугалимдери президентке кайрылышты


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернаттын мугалимдери президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдошту. Алар Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы жумуштан күч менен кетирип жатканын айтышууда.

60ка жакын мугалимдин колу коюлган кайрылууда 2022-жылы күзүндө сынактан утуп келген директор Нургүл Маатканованы 14-апрелде Шаардык билим берүү башкармалыгынын, мэриянын, Биринчи Май райондук акимчилигинин кызматкерлери иш бөлмөсүнөн жана мектеп-интернаттагы жашаган жеринен күчтөп кууп чыгарышканы, башка мугалимдерди өз каалоосу менен арыз жазып кетүүсүн талап кылып жатканы тууралуу жазылган.

Буга чейин социалдык тармактарда №1 мектеп-интернатта Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевге түспөлдөш адам баш болгон кишилер мугалимдерди сыртка сүйрөп жатканы тартылган видео тараган.

Көп өтпөй айрым маалымат каражаттары Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №1 мектеп-интернаттын директору жашап жаткан жерден анын буюмдарын алып чыгып жатканы көрсөтүлдү. Вице-мэрдин журналисттерге билдиргени боюнча, мектеп-интернаттын жери муниципалдык менчик болуп саналат, ал жерге турак жай куруп жашоого мүмкүн эмес.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы мэрия мектеп директорлорунун ишине кийлигише албай турганын маалымдоодо.

Бул маселе боюнча Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына байланышуу аракетибизден азырынча жыйынтык чыккан жок.

Бишкектеги №1 мектеп-интернатта ушул тапта 60тан ашуун мугалим иштейт, 400 бала окуйт. Мугалимдердин сөзүнө караганда балдардын көпчүлүгү мигранттардын балдары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG