Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:05

Швейцария банктары орусиялыктардын эсептерине көзөмөлдү күчөтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Швейцария банктары Орусиянын бюджетине салык төлөгөн кардарларынын эсептери жабыларын эскертүүдө. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык кардарлар менен иштешкен эки адвокатка жана өлкөнүн банк тармагындагы булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Банктар бул чечимин кардарлары Украинадагы абалды туруксуздаштырган мамлекетке салык төлөп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Булактын айтымында, мындай эскертүүлөр бейрасмий жана айрым гана кардарларга жөнөтүлүп жатат. Азырынча эскертүүлөрдү UBS жана Credit Suisse банктарынын орусиялык кардарлары алууда.

Быйыл февралда Credit Suisse банкы Орусиянын дээрлик 20 миллиард долларлык активдерин тоңдурган. Бул өлкөдөгү орусиялыктардын жалпы активдеринин үчтөн биринен ашыгын түзөт.

Марттын аягында Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, АКШнын Юстиция министрлиги бир канча банктын орус олигархтарына санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берген-бербегенин текшерип жатканын кабарлаган. Алардын арасында Credit Suisse жана UBS банктары да болгон.

XS
SM
MD
LG