Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

ИИМ Бишкек шаардык милиция башчысына эскертүү берилгенин билдирди


Азамат Ногойбаев. 3-апрель, 2023-жыл.
Азамат Ногойбаев. 3-апрель, 2023-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевге кесиптик этиканы бузгандыгына байланыштуу эскертүү берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, ички иликтөөдө «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамы жана Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этика кодексинин бир катар жоболору бузулганы аныкталган.

ИИМдин билдирүүсүндө «шаардык милиция башчысынын одоно сөзү коомчулукта талкуу, ички иштер органдарына терс маанайды жаратты» деп айтылат.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын сөзү коомчулукта, укук коргоочулардын арасында талкуу жаратты. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүүнү баштаган.

3-апрелде укук коргоочулар Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Ногойбаев түз эфир маалында айткандарын “айрым адамдар туура эмес түшүнүп алганын” айтып, элден кечирим сураган.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG