Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Депутат Икрамов Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча маселе көтөрдү


Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.
Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 13-апрелдеги сессияда Баткендеги курулуп жаткан үйлөр толук бүтпөй жатканы жөнүндөгү кабарларга көңүл бурууга чакырды.

“Мартта Баткендеги күйүп кеткен үйлөрдүн бардыгы бүтөт деген. Азыр 24.kg сайтында алтымышка жакын үй бүтпөй жатканы айтылды. Ишкерлердин акчасы берилбей жатыптыр. Кээ бир үйлөрдүн чатыры жабылбай турат дейт”, - деди депутат.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги бул иштер февралдын аягына, жазга калганын билдирген. Соңку маалымат боюнча, 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү.

Апрель айынын башында Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 77 үй кайра курулуп ээлерине толук тапшырыла электиги жөнүндө видео жарыялаган.(TSh)

XS
SM
MD
LG