Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Июнь окуясы: Сотто Жалал-Абаддын мурдагы прокурору Турдумамбетов көрсөтмө берди


“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы. Июнь, 2016-жыл. Архив.
“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы. Июнь, 2016-жыл. Архив.

2010-жылкы Июнь окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн, 13-апрелде Биринчи Май райондук сотунда уланды. Бул күнкү жараянда Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Каныбек Турдумамбетов күбө катары көрсөтмө берди.

Экс-прокурор сотто мурда Башкы прокуратурага сурак бергенин, соттолуучулар менен эч кандай мамилеси жоктугун айтты. Ал ошондой эле Июнь окуясы боюнча айыпталган Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн качып кетишине тиешеси жоктугун билдирди.

Турдумамбетовдун көрсөтмөсүнө ылайык, Батыровго кылмыш иши Июнь окуясына чейин - мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү өрттөлгөндөн кийин козголгон. Ал Батыровду камоого алгачкы санкция 2010-жылы 19-майда берилгенин, бирок аны кармай алышпаганын кошумчалады.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 20-апрелге белгиленди.

Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири катары айыпталган Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетүүсүнө байланыштуу мурдагы соттук отурумдарда УКМКнын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков, башкы прокурордун мурдагы орун басары Рыскулбек Бактыбаев да көрсөтмө беришкен.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камалган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу кайра тергеле баштаганын жарыялаган.

Кылмыш иши боюнча былтыр 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары учурдагы президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы сурак бергени расмий маалымдалган.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурдагы Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себеп болду" деген корутунду чыгарган.

Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда каза болгон. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG