Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

БУУ: Украинада 8500 карапайым кишинин өлүмү тастыкталды


Бородянка шаарында каза тапкан адамдарды эскерүү. 2-март, 2023-жыл
Бородянка шаарында каза тапкан адамдарды эскерүү. 2-март, 2023-жыл

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү тастыкталганын билдирди жана реалдуу сан мындан миңдеп ашарын болжолдойт.

Комиссариаттын 11-апрелде жарык көргөн маалыматына ылайык, былтыркы 24-февралдан быйылкы 9-апрелге чейин Украинада 8490 жайкын тургун набыт болду, 14 244тү жаракат алды.

“OHCHR иш жузүндө статистика мындан жогору деп эсептейт, айыгышкан кармаштар жүргөн аймактардан маалымат алуу кыйын, кээ бир маалымат талданып чыга элек”, – деп билдирди БУУнун агенттиги. Мисал катары Мариуполь, Лисичанск, Пропасна жана Северодонецк шаарлары келтирилди.

Ошондой эле артиллериялык аткылоо жана аба соккуларынан 7011 жөн-жай кишинин өлүмү, 13 495 кишинин жарадар болгону аныкталганы айтылат. Уюм бул сан дагы мындан жогору болушу мүмкүн экенин эскертти.

Орусиянын аскерлери кошуна өлкөсүнүн шаар-кыштактарын аткылаганы, көптөгөн карапайым кишинин өлүмүнө, жабыркашына себепкер болгону үчүн айыпталып келет.

Аба соккулары көп учурда ооруканалар, калк жашаган райондорго, мектеп, башка жарандык жайларга тийгени менен Москва жайкын тургундарды бутага алганын танып жүрөт.

Бир нече күн мурун БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Украинадагы ыктымал согуш кылмыштарын иликтөө тобунун мандатын узартуу жана кеңейтүү сунушун колдоду.

XS
SM
MD
LG