Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Жүк ташуучулар президент жана УКМК жетекчисине кайрылышты


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Жеңил өнөр-жай тармагындагы айрым жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жүк ташуу жана бажы төлөмдөр тармагында адилеттикти талап кылып кайрылышты.

Алар 10-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынын алдына акцияга чыккан.

Бул тууралуу "Азаттыкка" текстиль-өнөр жай тармагында жүк ташыган компаниялардын жактоочусу, адвокат Шердор Абдыкапаров кабарлады.

"Бир эле компанияны лобби кылып, жүк ташып келген башка фирмаларга мамлекет жеңилдик бербей жатканын айтып чыктык. Мамлекет баарына бажы төлөмүн бирдей кылсын, бир эле адамга жеңилдик бере бербей, баарыбызга текши карасын деген талапты койдук. Бизге Бажы кызматынан бир да жооптуу кызматкер чыккан жок", - деди Абдыкапаров.

Анын айтымында, ушул тапта текстиль товарларын Кыргызстанга алып кирип, бажы төлөмдөрүн ишке ашыруу кымбат болуп жатат.

Акцияга чыккандар "бул багытта бир гана компанияга жеңилдик менен катар экономикалык артыкчылыкты караган атайын макам берилгени адилетсиздик" деген талапты коюшкан.

Мамлекеттик бажы кызматы бул акция боюнча маалымат берген жок.

Былтыртан бери кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен Казакстандын чек арасынан товар алып өтүү соңку күндөрү оорлоп, чоң түйшүккө айланганын айтып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG