Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Балдар алименти боюнча эл аралык конвенцияга кошулуу маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган “Балдарга алимент өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзам экинчи окууда кабыл алынды.

Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева эл аралык конвенцияга 60ка жакын мамлекет кошулганын, балдар алиментин өндүрүп алууга шарт түзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан алимент боюнча АКШга кайрылган учурда ал мамлекет эки тараптуу келишим жок деген негизде конвенцияга кошулууну сунуштаган.

Министрликтин маалыматына караганда, АКШда расмий катталган үч миң, бейрасмий 50 миңдей кыргызстандык бар.

Сот департаментинин буга чейинки маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган. 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG