Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:00

Жеңилдетилген насыя 1,5 миң дыйканга берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 1,5 миңге жакын дыйканга берилип, жалпы суммасы 704 млн. сомго жетти.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин финасы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков “Азаттыкка” билдирди. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген. Намазбеков “Агрокредит” долбоору боюнча 461 млн. сомдук насыя да берилгенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Эмил Токтошев айыл чарбасына бөлүнгөн жеңилдетилген насыя дыйкандарга кеч берилип жатканын сынга алган.

Ал аймактарда айыл чарбасына байланышкан көйгөйлөр көп экенин, насыяны алуу жолдору татаал болуп жатканын билдирген.

Былтыр дыйкан-фермерлерге бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялар арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG