Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Москва биржасында евронун курсу 90 рублдан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда доллар менен евро дээрлик бир жарым рублга өстү. Москва биржасынын маалыматына караганда, былтыр 14-апрелден бери биринчи жолу евро 90 рублга чейин көтөрүлүп, доллар 82 рублдан ашкан.

Расмий маалыматта узаган аптада доллар 5%, евро 13% кымбаттаганы айтылат.

Былтыр Орусия Украинага басып киргенде АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Москвага экономикалык санкцияларды салганда рубл арзандап кеткен. Кийинчерээк Орусия Банкынын улуттук валютанын кунун бир калыпта кармоо аракети, импорттун кескин төмөндөшү жана энергия экспорту рублди бекемдеген.

Серепчилер рублдин азыркы арзандашын салык мезгилинин аякташына байланыштырууда. Ири экспортчулар бюджетке төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн чет элдик валюталарды рублга алмаштырышкан.

Рублдин алсызданышы экспорттун төмөндөшү жана импорттун көбөйүшүнө, мунайдын баасынын өсүшүнө, Орусиядан чет элдик компаниялардын чыгып кетишине да байланыштуу экени айтылат.

XS
SM
MD
LG