Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Орусияда саясатчы Владимир Кара-Мурзага 25 жылдык жаза суралды


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусиянын Москва шаардык сотунда оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзанын соту жабык өттү. Сотто прокурор 25 жылга катаал режимдеги абакка кесүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу 6-апрелде адвокат Мария Эйсмонт билдирди.

Кара-Мурза Орусиянын армиясы тууралуу "жалган маалымат" таратууга, "ылайыксыз уюмдун" ишмердүүлүгүнө катышууга жана мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жатат.

Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

Орусиянын Юстиция министрлиги аны "чет элдик агент" деп тааныган.

Владимир Кара-Мурзага былтыр октябрда адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган. Бул сыйлыкты Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы негиздеген.

XS
SM
MD
LG