Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Кыргызстан менен Сербия кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты


Президент Садыр Жапаров Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. 6-апрель, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. 6-апрель, 2023-жыл.

6-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. Алар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин, Кыргызстан серб өнөктөштөрү менен биргелешип иштөөгө даярдыгын айтты.

Ивица Дачич өзүнүн сапарын тарыхый деп сыпаттап, соңку 25 жылда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген биринчи серб тышкы иштер министри экенин билдирди. Ал Сербиянын президенти Александр Вучичтин дубай саламын жеткирип, Жапаровду Белградга иш сапар менен чакырганын айтты. Эки өлкөнүн көп маселелер боюнча позициялары окшош экенин, бирок эки тараптуу кызматташтык жетиштүү деңгээлде өнүгө электигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү макулдашты.

Мунун алдында Дачич менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолугушуп, чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшкөн. Анда соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы маалым болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG