Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Бишкек-Ош жолундагы туннел үчүн төлөмдү көбөйтүү сунушталды


Кусеин Көлбаев атындагы туннел.
Кусеин Көлбаев атындагы туннел.

Транспорт жана коммуникация министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүүнү сунуштады.

Бул тууралуу токтом долбоору 4-апрелде коомдук талкууга коюлду. Анда бекитилген тариф 2004-жылдан бери өзгөрбөй келгени, ал жерде иштеген кызматкерлерди каржылоо, коммуналдык жана башка төлөмдөр өсүп жатканы үчүн тарифти өзгөртүү муктаждыгы жаралганы белгиленген.

Жаңы токтом долбоорунда жергиликтүү автоунаалар үчүн 50-300 сом, чет өлкөлүк же транзиттик автоунааларга 200-5000 сом деп бекитүү сунушталып жатат. Баалар автоунаалардын түрүнө карап алты категория менен аныкталат.

Документте Көлбаев атындагы туннелден өтүүдөгү коопсуздукту камсыздоо үчүн кызмат кылган жол жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин маянасы ошол төлөм эсебинен берилери да жазылган.

Министрлик билдиргендей, туннелден өтүү үчүн чогулган каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй:

  • 2019-жылы 64 млн. 23 миң 853 сом;
  • 2020-жылы – 71 млн. 265 миң 636 миң сом,
  • 2021-жылы – 117 млн. 160 миң 900 миң сом.

“Ошентип 2023-жылы жаңы тарифтер кабыл алынса, туннелдер аркылуу өтүү үчүн каржылык каражаттардын түшүүлөрү 2022-жылга салыштырмалуу 44% көбөйүшү болжолдонууда, түшүүлөрдүн көлөмү болжол менен 205 млн. сомду түзөт”, - деп айтылат долбоордо.

Азыркы тариф боюнча жергиликтүү автоунаалар 45 сомдон баштап 275 сомго чейин төлөйт. Ал эми эл аралык же транзиттик автоунаалар үчүн төлөм 5-60 АКШ доллары өлчөмүндө каралган.

XS
SM
MD
LG