Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Ошто 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү кармалды


Ак-Буура дарыясы. Ош шаары.
Ак-Буура дарыясы. Ош шаары.

Ошто 23 жаштагы келиндин сөөгү Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган.

Ош шаардык милициясынан "Азаттыкка" билдиришкендей, окуя 2-апрелге караган түнү болгон. Алгачкы териштирүү учурунда анын жолдошу окуяга шектүү катары кармалды. Ал аялын кызганычтын айынан бычак менен моюн тушка сайып жибергенин айтып берген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголду. Шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына камалды. Келин Кара-Суу районунун Жаңы-Маале айылынын тургуну болгон.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Статистика алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөттү. (DSh)

XS
SM
MD
LG