Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Ат-Башы ГЭСин оңдоо иштери аяктады


Ат-Башы ГЭСи оңдоодон өткөнүнө байланыштуу иш-чара. 5-апрель, 2023-жыл. Нарын облусу.
Ат-Башы ГЭСи оңдоодон өткөнүнө байланыштуу иш-чара. 5-апрель, 2023-жыл. Нарын облусу.

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу 40 мегаваттан 45,7 мегаватка көбөйгөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 5-апрелде билдирди. Анын пайдалануу мөөнөтү 25-40 жыл деп белгиленген.

ГЭСтин оңдоодон өткөнүнө байланыштуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Кыргызстандын энергетика жаатындагы потенциалы жогору экенин айтып, өлкөдө 40 миң дарыя, мөңгүлөр бар экенин белгиледи.

"Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлорго бардык шартты түзөбүз. Буга бир далил Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышы болду. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын районунун калкын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, жалпы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ГЭСти оңдоого салым кошкону үчүн Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, былтыр энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн 15 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлады. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышын, Токтогул ГЭСинин 4-агрегатынын ишке берилгенин айтып, эми ал саатына 1260 мегаватт электр энергиясын чыгара турганын билдирди. Мындан тышкары өлкө боюнча 50 чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады.

Ат-Башы ГЭСин оңдоо иштери 2017-жылы башталып, ага Швейцария 19 миллион доллар грант берген. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашырууга жалпы 25 миллион доллар коротулган.

1970-жылы курулган ГЭС Нарын облусунун электр керектөөсүнүн 25% камсыз кылат. (TAb)

XS
SM
MD
LG