Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Экс-депутат Жаныбек Абиров парламентте кайрылуу жасады


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Депутаттык мандатынан ажыраган Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында сөз сүйлөп, өзү катышкан соңку окуяга байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал адашканын моюнуна алып, окуяда жабыркаган жарандан, шайлоочуларынан, кесиптештеринен жана үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт демекчи ар бир адам адашат экен. Алардын арасында мен дагы адаштым. Тилекке каршы, менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп жана жоопкерчиликти сезип, мамлекеттин, анын ичинде Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбей, комиссия мүчөлөрүн жана жалпы парламентти ыңгайсыз абалга калтырбай өз каалоом менен мандатымды тапшырууну туура көрдүм. Мыйзам баарына бирдей, сен депутатсыңбы же катардагы кызматкерсиңби анын айырмасы жок. Бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок", - деди Абиров.

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.

Окуядан кийин Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизген. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн. Парламентте Абировду жоопко тартууга уруксат берүү маселесин караган комиссия түзүлгөн.

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайланып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG