Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Казакстанда бензин менен дизелдин баасы кымбаттайт


Казакстандын автоунаа ичине илинген желеги. Сүрөт мунай казган жерде тартылган.
Казакстандын автоунаа ичине илинген желеги. Сүрөт мунай казган жерде тартылган.

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелди 20% көтөрүүнү чечти. Бул тууралуу 3-апрелде министр Болат Акчулаков билдирди.

Мындай чечимди ал "Казакстан менен коңшу мамлекеттер ортосундагы баанын айырмасын азайтуу зарылчылыгы" менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, мунайды кайра иштетүүчү үч завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулаганына карабай, өлкөнүн айрым аймактарында тартыштык сезилип жатат. Министр таңкыстыкты кымбат импорттук күйүүчү май менен жабууга туура келгенин белгиледи.

Учурда Казакстанда бензиндин орточо баасы 180 теңге (40 цент), дизелдин орточо наркы 260 теңге (57 цент).

Министрлик жетишсиздикке транзиттик автоунааларды жана коңшу өлкөлөргө "көмүскө экспортту" себеп кылып көрсөтүүдө.

"Азыркы баа менен күйүүчү-майлоочу майларды өндүрүүнү канчалык көбөйтпөйлү, ал дайыма жетишсиз бойдон кала берет", - деди Акчулаков.

Былтыр августта Энергетика министрлиги Казакстандын чек арадагы аймактарында дизелди сатууга чектөө киргизген.

Казакстандык айдоочулар акыркы кездери күйүүчү майдын жетишсиздигине көп даттанууда. Айрым аймактарда дизелге кезек күткөндөр көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG