Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Рим Папасы Франциск ооруканага жаткырылды


Римдеги Гемелли ооруканасы.
Римдеги Гемелли ооруканасы.

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск 29-мартта дем алуу органдарынын инфекциясы менен ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу Associated Press Ватикандан алынган маалыматка таянып кабарлады.

Рим Папасы акыркы күндөрү дем алуусу начарлап кеткен, Римдеги Гемелли ооруканасында бир нече күн текшерүүдөн өтүп дарыланары маалым болду.

86 жаштагы Франциск жаш кезинде өпкөсүнөн операция болуп, бул органынын бир бөлүгү алынган. COVID-19 вирусу менен ооруган эмес, акыркы тести да таза чыккан.

Бул тууралуу Ватикандын расмий өкүлү Маттео Бруни журналисттерге кабарлады.

Понтифик 2021-жылы июль айында Гемеллидеги ооруканада жоон ичегисине операция жасалып дарыланып чыккан.

Францисктин ооруканага жатып калышы коомчулукта анын жалпы саламаттыгына байланыштуу талкууларга жол ачып, алдыда боло турган Пасха майрамына байланыштуу салтанаттарга катышпай калабы деген суроону жаратты.

Былтыр Пасха майрамында Франциск Орусиянын Украинага карата согушун айыптаган. Франциск 2013-жылы 13-мартта Рим Папасы болуп шайланган. (BCh)

XS
SM
MD
LG