Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:11

Президенттик администрация жарандык алуу боюнча билдирүү таратты


Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу боюнча билдирүү таратты.

Анда өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүлөрү айтылат. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталары белгиленген.

Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Президенттик администрация жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбей турганын белгиледи.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазган. Макалада Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгындагы бир катар адамдардын аты-жөнү жазылган. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин белгилеп жатат.

The Moscow Times басылмасы шилтеме кылган №359 жарлыктагы бир нече ысымдар Орусиянын Тверь облусунун мурунку губернатору Дмитрий Зелениндин, орус өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын, “Жыпар жыт дүйнөсү” компаниясынын кожоюну Валерий Задориндин Александр жана Михаил аттуу уулдарынын жана Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренконун аты-жөнү, жашаган жери жана туулган жылдары менен дал келери белгиленген.

Аты аталган кишилер бул маалыматка реакциясын билдире элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз президенти Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынса, 591 адам чыгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG