Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Боррел: Си Цзинпиндин Москвага сапары өзөктүк чыңалууну басаңдатты


Жозеп Боррел
Жозеп Боррел

Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Москвага сапары жана Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу Кремлдин өзөктүк курал колдонуусу боюнча чыңалууну басаңдатты. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел айтканын Financial Times басылмасы жазды.

Анын журналисттерге билдиргени боюнча, Си Цзинпин Путинге Орусия Украинадагы согушта өзөктүк курал колдонбоого тийиш экенин жеткире алды. Кытай Орусияны толук колдобосун айтып, азырынча Бээжин Москвага курал-жарак жибергени байкалбаганын белгиледи.

Евробиримдиктин башкы дипломаты ошол эле учурда Кытай менен Индия санкцияларга карабай, Орусиядан энергоресурстарды экспорттоп жатканын сынга алды.

Financial Times басылмасынын Евробиримдиктеги булагы учурда Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу үчүн аракет болуп жатканын маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, Брюссел Кытай Москванын гана эмес, Киевдин да позициясын угушу керек деп бекемдөөдө.

Батыштын айрым маалымат каражаттары Си Цзинпин Владимир Путин менен жолугушкан соң, Владимир Зеленский менен да сүйлөшөт деп жазышты. Кытай лидери менен украин президентинин сүйлөшүүлөрүнө даярдык тууралуу Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк да билдирди.

Зеленский жакында эле Жапониянын Yomiuri Shimbun агенттигине Кытайдын Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту тынч жол менен жөнгөрүү демилгесин ишенбестик менен кабыл алганын айтып, Киев Бээжинден ортомчулук кылуу же Си Цзинпин менен жолугушуу тууралуу эч кандай сунуш албаганын кошумчалады.

"Бирок мен дипломатиялык жолдор аркылуу Кытайдын лидери менен сүйлөшкүм келип жатканын билдиргем", - деди Зеленский.

Кытай Компартиясынын төрагасы Си Цзинпин 20-22-мартта Орусияга мамлекеттик сапар менен барды. Ал орус президенти Путин менен сүйлөшүү жүргүзүп, Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен расмий жолугушкан.

XS
SM
MD
LG