Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Министрлик дыйкандарга дизел отуну 65 сомдон сатылып жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дыйкан-фермерлерге дизел отуну 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, дыйкандарды мамлекеттик колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясына 3 млн. литр күйүүчү май берип жатат. Аталган мекеме жакын арада кошумча дагы 3 млн. литр дизел отуну берилерин кабарлады.

Мындан сырткары, министрлик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 282,5 тонна пестициддер ташылып келингенин билдирди.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү-май керектелет. Министрлик кабарлагандай учурда мунай базаларында жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизель, 20 миң тонна автобензин бар.

Өкмөт арзаныраак таратып жаткан 3 миллион литр дизель 2,5 миң тонна. Жазгы талаа жумуштарына керектелчү көлөмдүн 7,2% түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG