Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Бишкек: Орусия жарандары түзгөн кыймыл жабылганын жарыялады


"Красная крыша" бирикмесинин иш-чараларынын бири.
"Красная крыша" бирикмесинин иш-чараларынын бири.

Бишкекте Орусиядан келген ыктыярчылар жана мигранттар түзгөн «Красная крыша» долбоору жабылганы жарыяланды. Бул тууралуу аталган бейформал кыймылдын Инстаграмдагы баракчасында маалымдалып, себеби катары жергиликтүү күч органдарынын басымы көрсөтүлдү.

Аймактык милиционер, Салык кызматынын жана “Бишкексууканал” ишканасынын өкүлдөрү аларга кайра-кайра бара бергени, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери аларды депортация кылабыз деп коркутканы, артынан аңдуу болгону белгиленди.

«Азаттык» кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Юлия Кулешова менен байланышканда ал аймактык милиционер коомдук иш-чараларга катышууга тыюу салганын, болбосо, депортация кылынарын эскерткенин айтып берди. Кулешова алар Кыргызстанды чынында жакшы көрүп калышканын, быйыл кыргызстандык социалдык долбоорлор үчүн чоң маданий борбор ачууну пландап жатышканын белгиледи.

Бишкек шаардык милициясы жана ИИМ азырынча аталган кыймылдын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

«Красная крыша» 2022-жылдын июнь айында негизделген. Анын курамына социалдык, коомдук жана урбанисттик демилгелер багытында иштеген активисттер, ыктыярчылар жана Бишкекке келген Орусия жарандары кирген.

XS
SM
MD
LG