Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

"Бир дүйнө Кыргызстан" тасмаларды көзөмөлдөө боюнча токтом долбооруна тынчсыздануусун билдирди


"Бир дүйнө" кинофестивалы. Архивдик сүрөт.
"Бир дүйнө" кинофестивалы. Архивдик сүрөт.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” кыймылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өлкө аймагында көрсөтүлө турган тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Министрлик 2016-жылы кабыл алынган “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүү киргизүүнү көздөйт.

Бул документ 27-февралда коомдук талкууга коюлган. Анда Кыргызстандын аймагындагы фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда фильмдерди көрсөтүү үчүн алдын ала уруксат алууга милдеттендирүү каралган. Бул үчүн “Кыргызтасмасы” мекемеси редакциялык коллегия түзүп, бул топ аудиовизуалдык материалдарды карап чыгат.

“Ошону менен бирге, фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда көрсөтүлүүчү тасмалар бир жактуу коомдук пикирди пайда кыларын жана аларда көрсөтүлүүчү фильмдердин мазмуну дайыма эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатына ылайык келбей турганын белгилейбиз”, - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

“Бир дүйнө Кыргызстан” кайрылуусунда бул долбоор цензурага жатарын, мындай чечим кабыл алууга жол берилбей турганы Баш мыйзамда жазылганын белгилеген.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинде да аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө болбой турганы жазылганын билдирген.

Ошол себептүү “Бир дүйнө Кыргызстан” министрликтин токтом долбоору кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Министрлер Кабинетине жана Жогорку Кеңешке кайрылган. Анда жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Баш мыйзамды мындан ары бузууга жол бербөөгө чараларды көрүүнү өтүнгөн.

Былтыр ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө” кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө эч түшүндүрмөсүз тыюу салынганы белгилүү болгон. Иш-чараны уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун директору Төлөкан Исмаилова өздөрүн "Кыргыз тасма" мамлекеттик мекемесинин өкүлү деп тааныштырган эки кызматкер уруксат бербей жатканын “Азаттыкка” билдирген. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берген эмес. (TAb)

XS
SM
MD
LG