Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Мектеп директорлорун окутуу башталды


Мектеп директорлорунун семинары. 23-март, 2023. Бишкек
Мектеп директорлорунун семинары. 23-март, 2023. Бишкек

Чүй облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менежмент” аталышындагы үч күндүк семинар башталды.

Семинарга жалпысынан 350 угуучу катышып, онлайн жана офлайн форматта өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев билим берүү тармагында реформа жүргүзүүдө эң негизги таяныч – мектеп директорлору экенин айтып, директорлор билим берүү борборлору, жогорку окуу жайлар (жеке жана мамлекеттигине карабай), илимий институттар менен тыгыз иштешүүгө умтулушу керектигин билдирди.

“Биз республикадагы бардык мектеп директорлору менен жолугуу максатын көздөп жатабыз. Бүгүн Кыргызстандагы белгилүү мугалимдер, тренерлер, лекторлор, эксперттерди чакырып, директорлорду төрт багытта окута баштадык. Мындан ары иш-чараларга жеке, мамлекеттик деп бөлбөш керек. Баарыбыздын максатыбыз бир, ошондуктан жеке мектептер менен кызматташтыкты, интеграцияны күчөтүшүбүз зарыл. Бири-бирибизден үйрөнө турган нерселер көп. Мектеп директору үч жыл сайын кайра даярдоодон өтүп турушу абзел. Ар бир директор билим берүү боюнча грант жазууну үйрөнүшү керек, айрыкча кен байлыктары мол аймактарда”, - деди Иманалиев.

Мектеп директорлору окуу процессин санариптештирүү, окуучулардын чет мамлекеттен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, интерактивдик технологиялар боюнча лекцияларды угушат.

Презентация жасай турган тренерлер арасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү – Орозали Сайдилканов жана педагогика илимдеринин кандидаты, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү – Гапыр Мадаминов бар. Экөө тең Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими.

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп март айынын башында дайындалган.

Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Иманалиев министр катары биринчи кезекте мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кыларын, буга мектеп гана эмес, ата-энелер, коом жардам бериши зарыл экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG