Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Жалал-Абадда 70тен ашуун стоматологиялык клиниканын иши токтотулду


Стоматологиялык клиника. Жалал-Абад.
Стоматологиялык клиника. Жалал-Абад.

Жалал-Абад облусундагы 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөнү аныкталды.

Бул Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондору, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүн текшерген учурда белгилүү болгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Маалыматка караганда, санитардык коопсуздукту бузуу фактылары (санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары ж.б.) катталган. Мындан тышкары алар юстиция жана салык органдарында катталган эмес жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашырган.

"Текшерүү учурунда, адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жол менен жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда клиникалардын мыйзамдык, санитардык абалын карап чыгуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүлдү.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган.

2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, D түрлөрү бар.

А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Ал жугуштуу келип, кайнатылбаган суудан же ооруган адам менен байланыш учурунда жугушу мүмкүн.

Сарыктын калган оор формалары адамга негизинен кан аркылуу жугары аныкталган. Дарыгерлер мындан улам тиш догдурга же сулуулук салондоруна барганда сак болууну эскертишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG