Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Таласта "Айкөл Манас" айкели орнотулду


"Айкөл Манас". Талас шаары.
"Айкөл Манас". Талас шаары.

Таласта облустук администрациянын алдына "Айкөл Манас" айкели орнотулду. Бүгүн 21-мартта анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү жана манасчылар катышты.

Скульпторлор Садабек Ажиев жана Токталы Мурзакаримов жасаган, бийиктиги 12 метрлик, жалпы баасы 8,7 миллион сомдук эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берди. Аны алып келүүгө жана орнотууга "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 1,1 миллион сом бөлгөн.

Эстеликтин ачылышын утурлай 13-марттан 21-мартка чейин 25 манасчы Таласта күнү-түнү "Манас" айтты.

Буга чейин Манастын айкели Талас шаарындагы Нуржанов аллеясына коюлары маалымдалып, пайдубалы даярдалган. Бирок анын көрүнүшү талапка жооп бербей калганы айтылып, бөлүнгөн каражаттын дайыны айтылбай калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу кылмыш ишин козгогон.(MKt)

XS
SM
MD
LG