Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Жапониянын премьер-министри Украинага келет


Фумио Кишида Орусиянын Украинага басып киришинин бир жылдыгына арналган пресс-конференцияда. Токио, 24-февраль, 2023-жыл.
Фумио Кишида Орусиянын Украинага басып киришинин бир жылдыгына арналган пресс-конференцияда. Токио, 24-февраль, 2023-жыл.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Украинага тилектештик билдирүү үчүн Киевге барат.

Жапон тышкы иштер министрлиги 21-мартта билдиргендей, ал президент Владимир Зеленский менен жолугушат.

NHK телеканалы Кисида Польшага чектеш Пржемысль шаарында поездге отурганын көрсөттү.

Жапония май айында Хиросимада Чоң жетиликтин саммитин өткөрөт. Кисида бул саммит Украинадагы согушка жооп иретинде эл аралык тартипти жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча күчтүү эркти көрсөтүшү керектигин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кисида бейшембиде Жапонияга кайтардын алдында Польша бийлиги менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жапон өкмөт башчысы Украинага аттанганда Орусиянын Коргоо министрлиги эки Ту-95МС стратегиялык ракета алып жүрүүчүсү Жапон деңизинин үстүнөн пландуу учуу жасаганын жарыялады.

СУ-30 СМ жана СУ-35 С реактивдүү истребителдери жети саат бомбалоочу учактарды коштоп жүрүштү.

Орусия бул учуулар эл аралык мыйзамдарга ылайык, бейтарап суулардын үстүндө аткарылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG