Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Киев орус аскерлеринин курал-жарак кампасы жок кылынганын жарыялады


Бахмуттагы украин аскери, 15-март, 2023-жыл.
Бахмуттагы украин аскери, 15-март, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 20-марттагы таңкы брифингде орусиялык аскерлер беш багытта, негизинен Донецк облусунда чабуул жүргүзүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматта Бахмут шаары салгылашуулардын очогу бойдон калып жатканы айтылат.

Башкы штаб өткөн бир суткада украин күчтөрү орустардын 69 чабуулунун мизин кайтарганын маалымдады. Анын ичинде 56 чабуул Донецк жана Запорожье облустарындагы жарандык инфраструктурага урулду. Курмандыктар жана жарадарлар бар экени кабарланды.

Расмий билдирүүдө бир күн мурун Украинанын коргоо күчтөрү орус аскерлери топтолгон аймактарга он жолу сокку уруп, каршылаш тараптын ок-дары кампасы жок кылынганы белгиленген.

Орусия Украинага басып киргенине 13 ай болду. Москва бул согушту "атайын операция" деп атайт.

XS
SM
MD
LG