Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Түркия Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн ратификациялай баштайт


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын парламенти жакын арада Финляндиянын НАТОго мүчө болуп киришине байланыштуу ратификациялоо маселесин карай баштайт.

Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен Анкарада жолукканда билдирди. Швециянын НАТОго мүчө болушун колдоого түрк бийлиги азырынча даяр эмес. Швед өкмөтү менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Мунун алдында, бейшемби күнү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан парламент 20-мартта Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болуп киришине байланыштуу маселеге добуш бере турганын билдирген. Буга чейин добуш берүү бир нече жолу жылдырылган. Оппозиция добуш берүүнү создуктурууда деп Орбанды айыптаган. Орбан Украинага басып киргенине карабай Москва менен байланышын сактап калууга аракет кылууда.

Ондогон жылдардан бери нейтралитет макамындагы Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүү тууралуу арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. Азырынча макулдугун 28 өлкө берди. Венгрия жакын арада ратификациялайт деп болжолдонууда. Түркия альянстын мүчөсү катары алардын кабыл алынышына каршы добуш бере алат.

23-январда Түркияда, Йеменде, Иракта жана Иорданияда Швециянын баш калаасындагы окуяга нааразылык билдирген демонстрациялар өттү.

Түрк бийлиги Швеция менен Финляндияга айрым шарттарды койгон. Алардын арасында бир катар күрд уюмдарын террордук бирикме деп жарыялоо, Анкарага курал-жарак сатууну тыйган чечимди жокко чыгаруу, Түркияда терроризм үчүн айыпталып, Швецияда жана Финляндияда баш калкалап жүргөн айрым күрд жана оппозициялык ишмерлерди түрк бийлигине өткөрүп берүү деген талаптар бар.

Былтыр жыл соңунда Швециянын Жогорку соту Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталып жаткан журналистти экстрадициялоо тууралуу Анкаранын өтүнүчүн канааттандырбай койгон. Түрк бийлиги бул чечимге нааразылыгын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG