Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Орусия украин эгинин экспорттоого жол ачкан келишимди 60 күнгө узартат


Босфор кысыгындагы эгин ташыган коммерциялык кемелер, 2-ноябрь 2022-жыл.
Босфор кысыгындагы эгин ташыган коммерциялык кемелер, 2-ноябрь 2022-жыл.

Орусия Украинага Кара деңиз порттору аркылуу эгин экспорттоого мүмкүнчүлүк берген келишимди дагы 60 күнгө узартат.

Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-мартта билдирди.

Анын мындай билдирүүсү дан келишиминин мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда жарыяланды. Келишим узартылышы үчүн Орусиянын макулдугу зарыл болуп жаткан.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого мүмкүн болбой калган. Киев жана бир катар Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын портторун блокадага алуу менен дүйнөдө ачарчылыкка жол ачып, Москва муну курал катары колдонуп жатканын айтышкан.

Бул маселени чечүү максатында былтыр июлда Орусия менен Украинанын ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен атайын келишим түзүлгөн. Бул келишим ноябрь айында 120 күнгө узартылган. Бул келишим менен Орусия да азык-түлүгүн жана жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Кара деңиздеги данды экспорттоочу коридорго Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү кирген Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбор мониторинг кылат.

XS
SM
MD
LG