Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Исаков: Бийлик Кемпир-Абад иши боюнча ачык сот өткөрсүн


Исмаил Исаков. 17-март, 2023-жыл. Бишкек.
Исмаил Исаков. 17-март, 2023-жыл. Бишкек.

Мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтарынын тынч митингинде сөз сүйлөп, бийлик ачык сотту камсыздашы керектигин белгиледи.

Ал мындан 21 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерип, анын соңу Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан элге ок аткан бийликтин качышы менен аяктаганын белгиледи.

"Бүгүн дагы ошондой окуя кайталанып жатат. Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камашып, эл аз экен, буларды колдогондор жок экен дегендей саясатты жүргүзүп буларды мыйзамсыз кармап отурушат. Андай саясат туура эмес экенин бийлик өкүлдөрүнө эскертип коеюн деп келдим. Башында дагы ушундай саясат жүргүзгөн Акаев азыр кайда? Көп түкүрсө көл болот. Эгер 26 жарандын өкүлдөрү ар тараптан чыкса, көл эмес деңиз болуп кетиши ыктымал. Анда бийлик өзүнүн ким экенин билбей калат. Камалгандардын көбүн билем, алардын бардыгы Кыргызстандын патриоттору, биринин дагы төңкөрүш жасайын, тополоң чыгарайын деген ою болгон эмес. Болгону Кемпир-Абад берилбесин деп гана өздөрүнүн жарандык, патриоттук сезиминин негизинде чыгышкан атуулдар болчу", - деди саясатчы.

Исаков бийликке кайрылып, камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүп, ачык сотту камсыз кылууга чакырды.

Мунун алдында ушул эле иш менен абакта отурган жарандык активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай камалгандардын көбүнүн жашы жете элек балдары бар экенин, айрымдарынын жубайлары иштебей бала менен үйдө отурушканын айткан. Ал "саясат менен иши жок, өз ишин кылып жүргөн жаштарды көчөгө чыгарып, бийлик оппонеттерди өзү жаратууда" деген.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын тарапташтары 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы болжол менен 200дөй киши чогулганын айтты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурат.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, жетиштүү далилдер бар экенин билдирүүдө. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG