Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Чүйдө адистер оор абалда табылган эликти сактап калышты


Жараат алган элик Аламүдүн районунда 2023-жылдын 7-февралында жол боюнан табылган.
Жараат алган элик Аламүдүн районунда 2023-жылдын 7-февралында жол боюнан табылган.

Чүйдө оор абалда табылган элик бутуна тура баштаганын, ага ким кол салганы белгисиз бойдон калганын бүгүн 16-мартта “NABU Кыргызстан” уюму билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, окуя быйыл 7-февралда болгон – башынан оор жараат алган, мүйүздөрү жабыркаган эликти Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын кире беришиндеги чоң жолдун боюнан жергиликтүү тургундар көрүп калышкан.

Азыр элик ветеринардык клиникалардын биринде дарыланууда. Адистердин айтымында, андан кийин аны реабилитациялык борборго алып барышат, себеби мындай оор жараат алган жаныбар жапайы жаратылыш шартында өз алдынча жашап кете албайт.

Кыргызстанда эликтин саны 4 миңдин тегерегинде экени айтылып келет.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, эликке мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 50 миң сом айыппул салынат.

Кыргызстанда аңчылык тармагында 52 уюм бар. Анын ичинен 42си жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берип, киреше табууга адистешкен. (RK)

XS
SM
MD
LG