Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Польшада алты чет элдик Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелүүдө


Леклеркти алып келген поезд. Румыния
Леклеркти алып келген поезд. Румыния

Польшанын ички коопсуздук агенттигинин кызматкерлери Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен алты чет элдик жаранды кармады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар жашыруун видеокамералардын жардамы менен Украинага курал-жарак жеткирүүчү негизги темир жол бекетиндеги жүк ташууларды көзөмөлдөп турган.

Видеокамералар Украина менен чектеш Подкарпатск аймагынын (воеводство) негизги участокторуна жана темир жол түйүндөрүнө орнотулганын RMF радиостанциясы 15-мартта өз булактарына таянып билдирди. Ал жерде Украинага аскердик транзит жана Евробиримдиктин өлкөлөрү менен портторуна украин товарларын экспорттоо үчүн транспорттук каттам бар.

Камералардын көбү Украинага аскердик жүктөр келип жаткан Польшанын түштүк-чыгышындагы Жешув (Ряшев) шаарына жакын жерлерге коюлган. Польшанын темир жолунда жана инфрастртүзүмдүн маанилүү объектилеринде жогорку даярдык режими киргизилди деп билдирет радиостанция.

Тыңчылыкка шек саналып кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган эмес. Расмий бийлик бул окуя боюнча комментарий бере элек. Польша өкмөтү бул боюнча 16-мартта расмий маалымат берери күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG