Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд адабий сынак жарыялады


Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечесинде тартылган сүрөт.
Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечесинде тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд бүгүн 15-мартта адабий сыйлыкка сынак жарыялады.

«Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлык» сынагына 18-45 жаштагы акындар катыша алат. Байге фонду гран-приге жана андан тышкары үч орунга жалпысынан 200 миң сом, «Эл тандоосу» номинациясына 10 миң сом тапшырылат.

2021-жылы Турсунбеков атындагы фонд "Жаш толкун" поэзия сынагын уюштурган. 2022-жылы "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу республикалык эссе сынагын өткөргөн.

Саясатчы 2020-жылы 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG