Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Орус соту крым татарларынын дагы бир өкүлүн абакка кести


Аметхан Абдулвапов
Аметхан Абдулвапов

Орусияда Ростов-на-Дону шаарынын соту крым татарларынын активисти Аметхан Абдулваповду 10 жыл 6 айга эркинен ажыратты. «Крым тилектештиги» коомдук уюмунун билдиргенине караганда, өкүм 15-мартта чыкты. Активисттер Абдулвапов алгачкы 3 жылды түрмөдө өткөрүүгө милдеттүү экенин маалымдашты. Мындан тышкары прокурор бошоп чыккандан кийин бир жыл бою катталып туруу, кечкисин үйүнөн чыкпоо, коомдук иш-чараларга катышпоо сыяктуу чектөөлөрдү колдонууну сурады.

Соттогу акыркы сөзүндө Абдулвапов терроризмге тиешеси жоктугун айтып, балдарына, үй-бүлөсүнө кое берүүнү өтүндү.

Былтыр февралда аннексияланган Крым жарым аралынын бир нече районунда орус күч түзүмдөрү 4 кишини - Ансар Османов, Марлен Мустафаев, Эрнест Сейтосманов жана Аметхан Абдулваповдун үйлөрүн тинтип, кармап кеткен. Аларга «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгон деген айып тагылган. Уюмга Орусияда тыюу салынганы менен Украинада мыйзамсыз болуп эсептелбейт.

Киевдин өкүлдөрү крым татарларынын камалганын айыптап, “украин жарандарынын укуктарын бузуу” деп аташууда жана аларды дароо бошотууну талап кылууда.

Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан бери орус бийлиги ондогон крым татарын түрдүү айыптар менен сот жообуна тарткан. Укук коргоочулар ал иштер атайлап токулган деп айтып келатат.

XS
SM
MD
LG