Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктоодо, ага окуусун улантуу укугу берилди


Ырыс Жекшеналиев адвокаттары менен сот залында. Архивдик сүрөт.
Ырыс Жекшеналиев адвокаттары менен сот залында. Архивдик сүрөт.

Блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча бүгүнкүгө 15-мартка белгиленген сот отуруму 22-мартка калды. Буга ишти караган судьянын башка отурумга катышып жатканы себеп болду.

“Жекшеналиевдин иши боюнча баары бүттү. Судья бизди 22-мартка жарыш сөзгө даярданып келгиле деп айтты. Бул биринчиден. Экинчиден, Жекшеналиев эки күн мурун жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алды, - деди “Азаттыкка” адвокат Кантемир Турдалиев.

Кылмыш-жаза кодексинин "Калайман башаламандык" беренесинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" бөлүмүнүн негизинде айыпталып жаткан Жекшеналиев боюнча экспертиза ал калайман башаламандыкка чакырбаганын көрсөткөнү буга чейинки отурумдарда айтылган. Активист өзү эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

“Фейсбуктагы” "Полит Узник" баракчасынын администратору Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин активистти үй камагына чыгарышкан.

Козголгон ишке байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан окуудан чыгарылган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG