Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Америкалык дрондун жок кылынышы боюнча орус элчиси Мамдепартаментке чакыртылды


MQ-9 Reaper дрону.
MQ-9 Reaper дрону.

14-мартта Кара деңизде америкалык дрондун жок кылынышына байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментине Орусиянын элчиси Анатолий Антонов чакыртылды.

Дипломатиялык мекеменин өкүлү Нед Прайс Кошмо Штаттар бул маселе боюнча орус тарап менен байланышта экенин билдирди.

Кошмо Штаттар 14-мартта Кара деңизде эл аралык мейкиндикте иштеген MQ-9 Reaper чалгын дрону орусиялык кыргын салуучу учак менен кагылышканын билдирген. АКШнын Коргоо министрлигинин визуалдык маалыматтарды таратуу кызматы билдиргендей, орусиялык Су-27 үлгүсүндөгү эки согуштук учак америкалык аппаратты курчоого алган. Бир учак эртең мененки саат жетиде дрондун канатына тийген, ошол себептүү америкалык күчтөргө дронду атып түшүрүүгө туура келгенин Кошмо Штаттардын командачылыгы билдирди.

Докладда бул окуя кооптуу, профессионалдуулукка жатпаганы жана компетенттүүлүктүн жоктугун көрсөткөнү белгиленген.

“MQ-9 аппараты эл аралык аба мейкиндигинде кадыресе операцияны аткарып жүргөн. Аны орус учактары курчоого алып, кагышуу болгону үчүн аппарат толугу менен кыйрады”, - деди АКШнын аба аскердик күчтөрүнүн Европадагы жана Африкадагы башчысы Жеймс Хеккер.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол күнү кечинде орус учактары АКШнын дронуна күч колдонбогонун жана кагышпаганын билдирди. Мекеме америкалык аппарат сигнал жөнөткөн транспондери өчкөн абалда “атайын аскердик операция” жүргүзүү максатында белгиленген аба мейкиндигинин айрым чектерин бузганын билдирди.

НАТОнун Европадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристофер Каволи өнөктөштөрүнө Кара деңиздин үстүндөгү окуя тууралуу кабар бергенин Reuters агенттиги жазды. АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби дрон эч кандай коркунуч жаратпаганын билдирди. Ал аппарат эл аралык аба мейкиндигинде болгонун белгилеп, бул боюнча Байден кабардар экенин кошумчалаган. Кирби орусиялык учактардын дрондорду курчоого алышы сейрек көрүнүш эмес экенин, бирок америкалык дрон Кара деңизге биринчи жолу кулаганын айтты.

“Биз аба мейкиндигинде бир жылдан бери тынымсыз учуп келебиз жана муну уланта беребиз”, - деди Кирби.

MQ-9 Reaper азыр АКШнын негизги чабуулчу дрону катары эсептелет. Ал саатына 400 чакырымдан узакка учат жана абада 24 саатка чейин жүрө алат.

XS
SM
MD
LG